Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Отурумда кадрдык өзгөрүүлөр талкууланды. Анда Замир Аскаровдун талапкерлиги өзгөчө кырдаалдар министри кызматына, ал эми Эркин Асрандиевдин талапкерлиги вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлдү.

«Иштей албаган өкмөттүн мүчөлөрү бар. Анда эмне үчүн өкмөт отставкага кетпейт? Курам келди, анда иштесин», - деди Бокоев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт отставкага кетиши үчүн атайын эрежелер колдонуларын айтты.

Алар:

- өзүнүн каалоосу боюнча премьер-министрдин отставкага кетиши;

- Жогорку Кеңештин чечими.

«Ал убакыт келе элек», - деп жооп берди Абылгазиев.

Булак: Баракелде