Бул тууралуу ТИМ билдирет. Эки өлкөнүнүн тышкы саясый мекемелеринин башчылары АКШнын кыргызстандыктарга киргизген визалык чектөөсүн жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. «АКШнын чечими кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгоп жатканын министр дагы бир ирет баса белгиледи. Бул багытта өз ара тыгыз аракетти күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү болду. Биометриялык паспорттор дагы киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен, бир катар, анын ичинде Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине таң калуу айтылды», — деди министр.

Булак: 24.kg