Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Мирлан Бакиров мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды. "Мыйзам долбоорунун максаты жогору түшүм алууга багытталган жаңгак плантацияларын түзүү, жергиликтүү базардын керектөөлөрүн камсыз кылуу, жаңгактарды кайра иштетүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана экологиялык жактан таза өндүрүмдү камсыз кылуу болуп саналат. Жаңгак плантацияларын түзүүдө биздин жер-шартыбыз, климат абдан ыңгайлуу, бул иш колго алынса, айыл өкмөттөрү жакшы иш аракеттерди кылса экономикага таасир этип, натыйжасын берет", - дейт Бакиров.

Жыйын жүрүшүндө депутат Алмазбек Акматов мыйзам долбоорун колдоого аларын айтып, "уникалдуу кыргыз жаңгагы" деген брендди иштеп чыгуу керектигин ортого салды. Демилгечилердин бири Асылбек Жээнбеков мыйзам долбоору эндемикалык жаңгактарга тиешеси жоктугун дагы бир ирет белгилеп өттү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.


Булак: super.kg