Аталган партия жетекчилигине Марат Аманкуловдун келери белгилүү болгондон кийин айың кептер андан да көбөйдү. Марат Аскерович болсо партия, алардын тарапташтары, партиянын программасы жана анын чыныгы лидери тууралуу маалымат бербестен кеп-аңыздарга май тамызууда. Саясатчы менен бир аз маектешүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болду. Аманкулов билдирген кичинекей нюанстар деле кезектеги шайлоого ат салышып жаткан талапкерлерди терең ойго салуусу мүмкүн.
- Марат мырза айтсаңыз, сиз бул партияны жетектей турганыңыз маалым болгондо күтүүсүздөн коомдо терс реакция пайда болду. Негизи “Биримдик” партиясы тууралуу айтсаңыз, ал эмне болгон партия?
- Эмнеге күтүүсүздөн... Мындай көрүнүш болушу мүмкүн. Бул нормалдуу эле нерсе, коомдо кандай гана партия же кыймыл болбосун бардык адамдарды канааттандырбайт. Жаңы партиянын түзүлүшү же партиялардын биригиши өзүнөн-өзү терс маанайды пайда кылат. Азыркы учурда ар кандай саясий топтордун биригип жатканы тууралуу көп жазып жатышат. Бардык цивилизациялуу мамлекеттерде болгондой эле алар саясий принциптердин негизинде эмес, убактылуу кызыкчылыктардын негизинде биригишет. Терс реакция жана такталбаган маалыматтар көптөгөн ушактарга себеп болууда. Мен муну аябай жакшы түшүнүп кабыл алам.
- Ушак-айыңдар болбостугу үчүн өзүңүз ишенимдүү булак катары “Биримдик” партиясы тууралуу так маалымат берсеңиз?
- Эч кандай сыр жок. “Биримдик” партиясы демократиялык социализм – Евразиялык тандоо.
- Демократиялык социализм жана ага кошумча Евразиялык тандообу?
- Ооба, бирок өзүбүздүн партиянын гана эмес бүтүндөй өлкөнүн жана элибиздин цивилизациялык өнүгүү программасын түптөдүк. Демократиялык социализмди бириктирип партия агымына Евразиялык тандоо философиясын киргиздик. Бул болсо өлкөбүздүн алдыга жылуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, Кыргызстандын өнүгүшүнө жаңы түрткү болот.
- “Биримдик” партиясы татаал идеологиядан сырткары дагы кандай өзгөчөлүктөрү менен башка партиялардан айырмаланат?
- Идеологиясы татаал болушу мүмкүн, бирок партиянын негизги өзөгү, идеясы мына ошондо жатат. Өзгөчөлүгү болсо биз башка саясий фигуралар жана алардын амбициялары менен ким болсо да бирикпейбиз. Биз идеяга карайбыз.
- Бардык партияларда идеология болот. Сиз минтип шайлоо алдында эч кимди таң калтыра албайсыз...
- Келиңиз ачык сүйлөшөлү, көз карандысыздыкка дээрлик 29 жыл болгонуна карабастан бийлик, мамлекеттүүлүк, партиялык түзүлүш деген түшүнүктөрдү четке кагып келдик. Ошондуктан калп убадаларды токтотуп, жаратмандыкка өтөлү. Биз бардык коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктын негизинде түзүлгөн партияны каалайбыз. Ушундай партия түзүү аркылуу мындан ары да цивилизация менен өнүгө турган жолду курабыз. Биздин пландар ишке ашабы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт, бирок биз өз принциптерибизден артка кайтпайбыз. Акыркы жылдарда көнүп калган түшүнүктөрдү жокко чыгаруу аркылуу башка нерселерди аткарууга боло турганына үлгү болмокчубуз. Биздин партия чыныгы мамлекеттин партиясы, башкача айтканда, улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктардан түзүлгөн партия.