Аны менен катар сот системасына көлөкө түшүргөн судьяларга карата Соттор Кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия эч кандай чараларды көрбөй атканын билдирген. Өлкө башчынын минтип агынан жарылуусу сот системасынын жетекчилигин ойготту окшобойбу…
Аз күн мурда автоунааны жанында эч кандай документтери жок, мас абалында башкарып баратып, жол кырсыгын жараткан Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулайманова Соттор Кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын чечими менен “КРнын сотунун макамы жөнүндө” мыйзамынын 5-1-беренесине каршы жүрүм-туруму үчүн кызматынан бошотулду. Буга президенттин Коопсуздук Кеңешинин чечиминде айткан сөзү себепчи болгонун белгилей кетели. Анткени, ага чейин Судья Эльмира Сулаймановага карата эч кандай чара көрүлбөй, “бозуган кыз энесин коркутат” болуп, ал Жол коопсуздук кыймылы бөлүмүнүн кызматкерлеринин түзгөн протоколун жокко чыгарууну талап кылып, Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган болчу.
Айтайын дегенибиз, дисциплинардык комиссия буга окшогон чараларды президенттин сынына жооп кылып эле көрбөстөн, дайыма иш алып барышы зарыл. Ошондо гана соттук реформа ишке ашырылып, жылыш болот.
Кыңыр иш кырк... күндө
Булак: "Майдан.kg" газетасы