Бирок Өкмөт кээде популизмге алдырып аткан жокпу?
Өкмөттүн акыркы жыйынында премьер-министр 2023-2024-жылга карата Кыргызстанда таза суу жеткирилбеген бир да айыл калбай турганын билдирди. Бул ишеним жаратат, анткени, “Таза суу” долбоору жакшы темп менен ишке ашырылып жатканын тана албайбыз.
Ошол эле мезгилде Мухаммедкалый Абулгазиевдин 2020-жылы 40 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылары жөнүндө айтканы канчалык реалдуулукка жакын? Буга дейре дотациядан 4 айыл өкмөт араң чыгарылган болсо, бир жылдын ичинде 40 айыл өкмөттүн өзүн өзү багууга өтүүсү күмөндүү ойлорду пайда кылууда. Эмненин, кайсыл каражаттын эсебинен? Өкмөт жооп береби бул сурообузга?
Булак: "Майдан.kg" газетасы