Бул тууралуу Тоо-металлургия кесиптик кошуундарынын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.
Тажибаевдин айтымында, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты.
Кен чыга турган №3 жайдагы авариядан кийин бош тоотек эми “Чоң-Сары-Төр” жана “Кичи-Сары-Төр” тилкелерине төгүлмөй болду.
- Учурда компания тоо-өндүрүш иштерин кайра улантууга даярдык көрүп жатат. Жумушсуз отурган 500 адам кезмет боюнча ишке киреше баштайт,- деди Тажибаев.
2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө 9-январда токтотулду.
Ушул окуяга жана иштөөгө уруксат жоктугуна байланыштуу быйыл 3-январда кен чыгуучу жерде иш расмий түрдө убактылуу токтотулган болчу.
Чындыгында эле Кыргызстандын экономикасынын жарымына жакынын түзгөн жана бир нече миң адам жумуш менен камсыз болгон бул ишкананын токтоп калуусу элдин да, мамлекеттин да экономикасына зыян келтирери түшүнүктүү. Мындан тышкары “Кумтөрдү” азык-түлүктөн тартып, керектүү продукция менен камсыз кылган онго жакын башка тармактар да “банкрот” болору белгилүү. Андыктан көчкүдөн улам дайынсыз жоголгон эки кызматкер табылбаса да өкмөт кендин иштешине уруксат берүүсү айла кеткендеги амал болду окшойт...
Булак: "Майдан.kg" газетасы