Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Екатеринбург жана Бишкек шаарларынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланган.
Андан тышкары, тараптар соода-экономикалык, ишкердик байланыштарды күчөтүү жана бекемдөө зарыл экендигин билдиришкен.
"Тараптар КРнын Россиядагы РФнын Кыргызстандагы кайчылаш жылынын алкагында өткѳрүлчү иш-чаралардын биргелешкен планын иштеп чыгуу жѳнүндѳ макулдашууга жетишишти", - деп айтылат маалыматта.
Булак: Кабар