Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык» үналгысынын жетекчилери чакырылган.

2019-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеӊеш жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

«Азаттык» радиосу журналистик иликтөө жүргүзүп, 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айеркен Саимаити деген жаран жана «Абдыраз» ЖЧКсы тарабынан 700 миллион доллар чыгарылып кеткендигин айткан.

Айеркен Саимаити 10-ноябрда Стамбулда атылып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган. Шектүүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандыгын алган жарандар бар экени айтылган.

Булак: Маралфм