“Чабал өрдөк эрте учат”- деген накыл кепти билип турушса да, буга чейин да ушинтип эртелеп элдин кулагын ушалай баштаган канчасы марага жетпей жыдып калышты эле... Жоок, бул эч кимге сабак болгон жок. Ал эми “шайлоо2020” дегенге биздин саясатчылар экични шайлоо болбочудай, согушка аттангандай түр көрсөтүп, эптеп эле өздөрү упай алыш үчүн тынч жаткан элге да бүлүк салгандан кайра тартпай тургандыгы албетте, баарыбызды өкүндүрөт.
Кайрадан элди алдамай, фэйк маалыматтарды таркатып, жакшы көрүнүүнү көздөгөндөр аренага чыгышты. Булардан эл капкачан эле жадап бүтпөдү беле! Буга чейин да тоодой убадаларды берип жатышты, бирин да аткарышкан жок, себеби, булар үчүн эшеги ылайдан өтсө болду! Бетиндеги маскасын сыйрып алып, кайра жалганды айтып, чыга беришет тура...
Жарма-патриотторго эмне керек?
Өзүңүздөргө белгилүү, Кыргызстандын экономикасы өз алдынча жаратмандык өнүгүү жолуна чыгышы кыйын. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы ошондуктан, ар дайым ар бир инвесторго сый-урмат менен мамиле кылууга үндөп келет. Бирок, шайлоого аттанган айрым саясатчылар үчүн өлкөнүн кереги жок, алар “өзүм үчүн өлөм!”- деген принцип менен жашап жатышканы жалганбы? Ошондуктан, эмитен эле Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан инвесторлорго каршы сөздөрдү айтып, элди дүүлүктүрүүлөр башталып кетти. Алар биринчиден, экологиялык, анан экономикалык жактан Кыргызстан орду толгус зыян тартып жатканын бетке кармоо менен жергиликтүү калкты инвесторлорго каршы тукуруп, саясий упай топтоону көздөөдө. Мына ошондой жол менен саясатчылардан жабыр тартып келе жаткан долбоорлордун бири – Талас областындагы “Жерүй” алтын кени.
Атын атап, реклама кылгыбыз келбейт бул саясатчы сөрөйлөрдү. Мына ошол билермандар жакындан бери элди аралап, митингге чакырып, курултай өткөзүү менен “Жерүйдү” иштете баштаган россиялык инвестордон Кыргызстандын үлүшүн талап кыла башташты. Тагыраагын айтканда, алардын айтымында:
- Жерүй алтын кени мурунку бийликтин ѳкүлдѳрүнүн учурунда Кыргыз элинин, Кыргыз Мамлекетинин кызыкчылыгына каршы шартта берилген;
- Жерүй алтын кенинде Кыргыз Мамлекетинин үлүшү жоктугу – чыккынчылык, коррупциянын элементтери бар;
- Социалдык камсыздандыруу фонддорундагы каражаттардын сарпталышы Талас облусундагы жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратып жатат;
Мына ушунун негизинде, чуукуйруктар “Жерүй” алтын кенин улутташтырууну, же жок дегенде үлүштүк ченемди теңме-тең салмакта кайра карап чыгууна талап кылышууда.
Чындыгын айтканда, бул эски ыр. Азыр бул теманы эл ичинде таркатып жаткан жарма-патриоттор Атамбаевдин учурунда, кенди иштетүү чечими кабыл алган маалда кайда жүрүштү эле? Бул калп эле патриот болумуштардын жанында жүргөн эксперттер “Жерүйдү” экономиканын локомотиви катары сыпаттап жатышпады беле? Азыр алардын баарына эмне керек? Булар бир ок менен эки коёнду атышы керек – эл ичинде шайлоо алдында саясий упай топтоо жана соодалашуу жолу менен шайлоо кампаниясына акча өндүрүп алуу. Баары ушуга келип такалат!
“Жерүйдө” иш ыргагы кандай?
Кыргыз өкмөтү 2020-жылга карата кандай пландары бар экенин жарыялады. Ага ылайык, салык өндүрүмдөрүн көбөйтүү жана жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү жагы алдыңкы орунда турат. Бул жааттан алып караганда, “Жерүй” экономикага жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн абдан чоң салым кошоору белгилүү.
Өткөн жылы “Жерүйдү” иштетип жаткан “Альян Алтын” компаниясы үчүн ийгиликтердин жылы болду. 2015-жылдан бери жер бөлүп берүү жаатында болуп көрбөгөндөй бюрократиялык бут тосууларга тушугун келишсе, былтыр мунун баары жаңы бийлик тушунда чечилди. Вахталык айыл, жолдор, коммуникациялар, керектүү инфраструктуралар баары жасалды. 2019-жылдын ноябрында “Жерүй” тоо-кен иштеринин ачылышын жасады. Биринчи өндүрүштүк жардырууга күбө болдук... Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Жерүйдү” кыргыз-россиялык эч келечектүү чоң долбоор катары атады. “Мунун арты менен миңдеген кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болот. Өлкөнүн экономикасына миллиондогон сомдор ар кандай чегерүүлөр аркылуу түшө баштайт”,- деди ал.
“Альянс Алтын”, же болбосо анын артында турган россиялык инвестор “Жерүйдү” иштетүүгө баш-аягы 600 миллион доллар инвестиция салат. Мындан тышкары, россиялык компания “Жерүйдүн” лицензиясына мурда ээлик кылган Visor компаниясы менен Кыргыз Өкмөтүнүн доосун өз алдынча чечүүнү мойнуна алган. Эске салсак, Visor эл аралык арбитраж сотуна кайрылып, Кыргызстандан 500 миллион доллар талап кылган. Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу Кыргызстанда лицензия үчүн 100 миллион доллар төлөнгөн. Бул каражат Кыргызстандын бюджетин дароо төлөнүп берилген.
2015-2019-жылдары “Альянс Алтын” салык түрүндө өлкө бюджетине 611,9 миллион сом төгүп берген. Долбоор толук кандуу иштей баштагандан кийин салык өндүрүмү көбөйөт. 2020-жылы “Альянс Алтын” бюджетке 2 миллиард доллар салык түшүрүүнү көздөп жатат. Бул сумма жылс айын улам көбөйүп кете берет.
“Альянс Алтын” алтын бөлүп алуу фабрикасына жана калдыктарды сактоочу жай (хвостохранилище) үчүн Европадан эң заманбап жабдууларды сатып алууда, буга ушу тапта 273 миллион доллар сарпталган.
Жарма-патриоттордун “социалдык камсыздандыруу фонддорундагы каражаттардын сарпталышы Талас облусундагы жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратып жатат”- дегени да калп. Цифралар менен айтып берели. Талас областындагы “Бакубат Талас” фондуна лицензия алган күндөн баштап 450 миллион сом которулуп берилген. Ошонун ичинен карапайым калкка кредиттер 8 пайыз менен берилип жатат. Облустта ушул убакта ачылган 71 ишкананын 20сы фонд тарабынан каржыланган. “Альянс Алтын” компаниясынын эл ичиндеги кайрымдуулук иш-чараларын айтпай эле коелу, аны жергиликтүү тургандар жакшы билишет.
Соңку сөз ордуна
Быйыл Кыргызстанда Россия, Россияда Кыргызстан жылы өткөрүлүүдө. Кайчылаш жылды ачуу 2020-жылдын февраль айына белгиленип, ага Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков катышат. “Жерүйдүн” биринчи алтыны да кайчылаш жылда чыгып жатышат – жакшы көрүнүш. Тагыраагы, жазында “Жерүйдүн” биринчи алтыны чыгат. Эл ичинде ушуга карабастан будуң-чаң чыгарган адамдардын талабы тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев даана жана так айткан: “Компания өз ишин мыйзам талаптарын сактоо менен аткарып жатат. Өкмөт келишим шарттарынын сакталышына жоопкер. Бул инвестициялык шарттын жакшыры үчүн да өтө маанилүү”