Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Буга чейин Р.Жээнбеков абактын кызматкерлери жүргүзгөн иш-чарадан улам уктай албай, ошондой эле 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон окуя боюнча козголгон кылмыш иштин материалдары менен жакшы таанышпай калганын билдирген. Ал Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин атына арыз жазган.

28-январда болжол менен саат 21:30 чамасында №21 мекеме менен ЖАМКтын Борбордук аппаратынын кызматкерлери биргеликте №37 камерага пландык эмес тинтүү ишин жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында жашылча-жемиш сакталган кутунун ичинен 2 телефон табылган. Ошондой эле дагы бир телефон кир самындын ичине катылган абалда болгон.

«Алынган бардык уюлдук телефондордо сим-карта бар экен. Тинтүү иш-чарасы саат 21:30дан 22:30га чейин болду», - деп айтылды маалыматта.

Ошондой эле мекеменин кызматкерлери белгиленген тартипте акт түзүштү. Камерадан табылган телефондор боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.

«Тинтүү ишинин жүрүшүндө №307 камерадагы адамдардын буюмдары менен тамак-ашы чачылып, кызматкерлер тарабынан тебеленди деген Р.Жээнбековдун маалыматы чындыкка дал келбейт. Ички тартип эрежелерин бузганы үчүн камерадагы адамдардын баарына эскертүү берилди. Дагы мындай бузуулар кайталанса катуу чаралар колдонулат», - деп айтылды маалыматта.

2019-жылдын 12-декабрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков кармалган.

Ал Жазык кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрүндө (массалык башаламандыкты уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектелип жатат.

Булак: Баракелде