Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Кыргызстанда саясий партиялардын жалпы саны 255 болсо, алардын 14ү былтыр каттоодон өткөн. Ал эми быйылкы жылы 1 жаңы партия түзүлгөн.

"Диний уюмдардын жалпы саны 477 болсо, анын 33ү 2019-жылы каттоодон өткөн", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөдө ММКлардан саны 3 миңден ашат.

Былтыр 7 миң 633 юридикалык жак жаңыдан катталса, 4 миң 696 юридикалык жак кайра каттоодон өткөн. Ошондой эле 1 миң 174 юридикалык жак жоюлган (жалпы 13 миң 503 юридикалык жак катталып (кайра катталып), жоюлган).

Булак: Кабар