Мамлекеттик башкаруу органдарындары, кызмат көрсөтүүлөрдөгү ачык-айкындуулук коррупцияга бөгөт коюучу ыкма экенин жон терибиз менен сезе баштадык. Бир мисал, буга чейин паспорт алуу бир канча күнгө созулуп, ал коррупциялык, бюрократиялык көрүнүштөр менен коштолчу болсо, бүгүн жарандар “Бирдиктүү терезе” системасынын жардамы менен паспортту 15-20 мүнөттө ала башташканын жарандар кубануу менен айтып, жазышууда. Бул айтканга оңой болгону менен санариптештирүү жаатындагы чоң жетишкендик, зор ийгилик. Канчалаган жарандар акчаларын, убакыттарын үнөмдөшүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн заманбап, ыңгайлуу түрүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты. Паспорт алууда эле эмес, автоунааларды каттоого тургузууда, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда, балдарды бала бакча, мектепке киргизүүдө, төлөмдөрдү төлөөдө ж.б. мамлекеттик органдардын күнүмдүк турмуштагы кызмат көрсөтүүлөрү жөнөкөйлөштүрүлүп, ыңгайлаштырылды. Санариптештирүү элге ачык-айкындуулук менен ыңгайлуулукту эле бербестен, эң башкысы, адамдардын байланышын жокко чыгаруу менен коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей калды. Алыс барбай, жол кыймылдарына көзөмөл кылуу үчүн орнотулган видеобайкоолорду эле алсак, биринчиден, жол кыймылдарын тартипке келтирсе, экинчиден, бюджетке түшчү төлөмдөрдүн өлчөмүн эселеп көбөйттү. Натыйжада Жол коопсуздук башкы башкармалыгындагы коррупцияга бөгөт коюлду десек болот. Мунун баары санариптештирүүнүн жыйынтыгы экенин баса белгилеп кетели. 
Президент С.Жээнбеков бийликке келгенден бери өлкөнү санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Ал үчүн быйылкы жылды да санариптештирүү жылы деп жарыялады. Жарлыктын негизинде чоң иштер аткарылды, аткарылып жатат. Жыйында санариптештирүү багытындагы жетишилген ийгиликтерге да токтолду. Өлкө башчынын айтымында, учурда мамлекеттик органдардын бардыгы “Түндүк” маалымат алмашуу системасына кошулду. Азыркы күндө 40 мамлекеттик орган жана 16 коммерциялык уюм аталган система аркылуу маалымат алмаша баштады. 
Санариптештирүү жаатында аймактагы өлкөлөр арасында алдыңкы орунга чыгуу боюнча амбициялуу максаттар коюлганын баса белгилеген Президент санариптештирүү саясатын артка тартып, ага тоскоолдуктарды кылып жаткан жетекчилер да жок  эместигин айтты.  Мисалы, Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрликтеринде иш ойдогудай жүрбөй жатат.  “Мектеп медицинасы - Ай-Ти оорукана” жана “Акылдуу мектеп” долбоорлорун колдонууга киргизүү формалдуу болуп жатат. Бул үчүн өлкө башчысы аталган министрликтердин башчыларын сынга алып, жарым жылдан кийин абал оңдолбосо, кескин чаралар көрүлөрүн, санариптештирүү саясатына  саботаж кылуу - өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу экенин баса белгилеп, эскертти.
Президент  санариптештирүү саясатын ишке ашырууга батыл, чечкиндүү түрдө киришкен чакта ага кандайдыр тоскоолдуктарды жаратып, аны жайылтууга, киргизүүгө каршы болгондордун жок эместиги мыйзам ченемдүүлүк. Анткени, санариптештирүү коррупциянын душманы болсо, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнүн душманы, экономиканы артка тарткан илдет. Демек, санариптештирүүгө каршы чыккандарды мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө, келечегине кыянатчылык кылгандар дебегенде эмне дейбиз? Коррупциянын жок болуусун каалабагандар гана санариптештирүү саясатына каршы чыгышып,  тоскоолдуктарды жаратышы ыктымал.  

Булак: "Майдан.kg" газетасы