Кыргызстандын кылмыштуу дүйнөсүнүн лидери Камчы Көлбаевдин чет өлкөлүк кримтөбөлдөр менен чогуу отурган сүрөтү «Прайм Крайм» сайтында жарыяланды.
Сүрөткө караганда кафенин ичинде үч «мыйзамдагы ууру» отурат. Кадрда: Камчы Көлбаев, грузиялык «мыйзамдагы ууру» Ираклий Каличава (кылмыш чөйрөсүндө Ика Сухумский же «Хуту» аты менен көбүрөөк таанымал), ошондой эле Хаджибаба Талыбханлы («Хаджи Бейлаганский» деген каймана аты бар). Акыркысы Ильгар Алиев - Аслан Усояндын («Дед Хасан») жандоочторунун бирин өлтүрүүгө шектелгендердин бири болчу.

Сүрөт качан жана кайсы мамлекетте тартылганы белгисиз.


Булак:VESTI.KG