Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-австриялык биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун маанилүүлүгүн белгилешти. Жогорку жана эң жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу жолу менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары ийгиликтүү улантууга, өлкөлөр ортосундагы мамилелердин бардык комплексин интенсификациялоого, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү багытында жана эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстолорунун башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде өлкөлөрдүн ортосундагы тышкы саясий консультацияларын өткөрүүнүн зарылчылыгын белгилешти.

Мындан тышкары, регионалдык жана эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча ой пикир алмашуу болду.

Булак: Кабар