Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.
«Азыр ар бир мэрия, райондук акимчилик, министрлик, мекеменин кабылдамасынан баштап, кызматкерине чейин кыргыз тилин билишпейт. Жарандар мамлекеттик органдарга телефон чалса же барса кызматкерлер орусча сүйлөшүп, орой жооп беришет. Жумуш орундарын камсыз кылган сайттар жана брошюралардын баары орус тилинде. Кыргыз Республикасы деген сөздү жаза албаган сабатсыздар иштеп отурат», - деди депутат.
Депутат мыйзам жазарда кыргыз тилине көңүл бурулбаса, бул маселе кантип жөнөкөйлөштүрүлөт деген суроону узатты.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов кызматкерлер жарандарды кабыл алууда мамлекеттик жана расмий тилде сүйлөшөрүн айтып жооп берди.
«Чындыгында, Бишкек шаарында расмий түрдө катталган миллиондон ашуун адам жашап жатса дагы, ички миграция көп болуп жатат. Окуу процесси жана жумушсуз жарандарды каттоо кыргыз тилинде жүргүзүлөт», - деди К.Токтосартов.
Булак: Баракелде