Жалал-Абад облусунун прокурору болуп Уланбек Ибраим уулу дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ибраим уулу мурунку прокурор Айбек Турганбаев кызматтан четтетилгенден кийин 2019-жылдын августунан бери облус прокурорунун милдетин аткарып турган.

Ага чейин Уланбек Ибраим уулу мурда аталган облустун прокурорунун орун басары кызматын аркалаган.

sputnik.kg