Экс-министр Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эскерте кетсек, өкмөттүн Жалал-Абаддагы мурунку өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев аталган кызматты 2016-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген. Ал эми Мирзахмедов Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектечү.

sputnik.kg