Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жалгыз жана эрке кызы Ширин өткөн жылы жайдан баштап “Үмүт-2020” аталышындагы кыймыл түзүп, белгилүү саясатчылардын чуулгандуу коррупциялык иштерин ачыкка чыгара баштаган болчу. Айрымдар Ширин кыздын бул ат жүрүшүн быйыл күзүндө болуучу парламенттик шайлоого байланыштырышкан. Көрсө, маселе андан да терең экен. Убакыт өткөн сайын Айтматованын ошол чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрү ээриген муздай коомчулуктун колдоосуна ээ болбой, артында белгилүү олигарх-саясатчылар, ал тургай улуу держава... тургандыгы байкалууда. Жаңы жылдын алдында Алматы аэропортунда күйөөсү Сыргак Кенжебаев алдамчылык үчүн кармалганда, булар деле таза эмес экен деген пикир эл арасында басымдуулук кыла баштады.

Жакында соцтармактардын колдонуучуларынын бири Айтматова тууралуу төмөндөгүдөй пикир жазыптыр: “Кыргызча сүйлөгөн бир да сөзү жок адам "Кыргызга күйүп жанам" десе ишенесизби? Ушундай куру кыйкырыкты салып кайрадан баягы Ширин Айтматова чыкты. “Мен мамлекеттеги коррупционер, уурулардын бетин ачып салдым, бир нече айдан бери алар менен күрөшүп жатам, президент мени менен жолуксун” дейт. Дымагы күч ай бул неменин. Кайсы коррупционердин бетин ачып, кайсы схеманы иликтеп чыктыңыз? Сиз иликтеген бир тармак барбы? Ошондон өлкөгө жарты тыйын пайда түшүрө алдыңызбы? ЖОК! Эч кандай отчеттук иш жок, болгону Матраимовдорго жармаштыңыз да калдыңыз. Сиз берилген тапшырманы аткарып жаткан бир пешка болуп баратасыз, Кыргызга күйгөн адам масштабдуу ойлонуп, масштабдуу ишти жасамак.

Айтматова болсо Аманданын тагынчактарын санап отурат, президент менен ошону талкуулайсызбы? Же эчен жылдар бою ишкерлердин моюнуна минип, акча сыгып жүргөн күйөөңүздүн СИЗОдон чыгышынбы? Айтматова 20 жыл АКШда жашаган, өлкөдө АКШнын саясатын жүргүзгөн бир топ уюмдар менен табакташ, шыбагалаш. Эсиң барда этегиңди жый дейт мындайда. Адегенде тапшырма берген тараптын жетегинен чыгыңыз. Антпесе Амерканын заказын аткарып жатканыңыз айдан ачык турганда президент сиз менен жолукмак беле?”.

Сыягы, бул пикир “Кыз Сайкалдын” океандын ары жагындагы кураторлорунун көрсөтмөсү менен азыркы бийликке каршы иштеп жаткандыгынын чыныгы жүзүн ачыкка чыгарып койду окшойт...

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (438), 22.01.2020-ж.