Анда иштин мазмуну боюнча соттук жараян башталат. 19-декабрдагы баштапкы угууда доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынган.
Алгачки соттук отурумда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова Матраимовдун Бажыдагы коррупциялык схемалары боюнча биргелешкен журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды соттук процесс жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салуудан баш тарткан.
Кеп болгон иликтөөдө Матраимовдордун Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлкү, Исмаил Матраимов атындагы фондго түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар. Матраимовдордун адвокаттары берүүдө келтирилген маалыматтарды сот каралып жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн болчу.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.
Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.
azattyk.kg