Өтүп кеткен жылы президент Сооронбай Жээнбековго 15 305 киши кайрылган. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, президенттик аппаратка 11 349 адам жазуу түрүндө кайрылса, коомдук кабылдамалар 1931 кишини кабыл алган. Ал эми "ишеним телефондоруна" жана кызматтык телефон аркылуу кайрылгандардын саны 1 181ди түздү.

Мындан тышкары, 620 адам маалыматтык-укуктук кеңеш жана консультация алып кеткен.

"Кат менен кайрылгандардын көбү Бишкектен болду. Андан кийин Чүй облусу, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облусу, Ош шаары, Нарын, Баткен, Талас облусу турат. КМШ жана башка өлкөлөрдөн 290 кайрылуу келип түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Кайрылуулардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу экени белгилүү болду.

sputnik.kg