Ал буга чейинки өлкө башчылар башкалардын ою менен эсептешпей келгенин айтып, элчилик кызматка барууга эмне үчүн макул болгонун түшүндүрдү.
- Президенттин сунушун кабыл алууга эки себеп болду. Ал «үй-бүлөлүк башкарууну сындырам» деп жатат. Мындан тышкары ал Кудайдан коркот. Экинчиден, саясаттан алыстап элчи болоюн дедим. Бирок саясаттан таптакыр кетпейм, - деди Бекназаров.
Саясатчы 16-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбеков авторитардык бийликке каршы чоң иштерди жасады деп эсептей турганын кошумчалады.
Бекназаров былтыр 26-декабрда Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси болуп дайындалган. Аны бул кызматка өзү сунуштаганын президент Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурган акыркы пресс-конференциясында айткан.
Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.
azattyk.kg