Бул тууралуу ал парламенттин 16-январдагы жыйынында билдирди.
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түзүп берүү өкмөттүн түздөн-түз милдети. Аны эшек, ат менен баалабаш керек. Менин пикиримде ал билим менен бааланышы зарыл, - деди Төрөбаев.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 14-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып Кыргызстанда калктын жашоо шарты кыйла жакшырганын айткан. Буга айыл жерде эшек, ат мингендер азайып, автоунаа айдагандар көбөйгөнүн мисалга тарткан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.
Боронов ошол эле жыйында Кыргызстанга инвесторлордун келбей жатышынын айрым себептери - өлкө тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан терс маалыматтар менен митингдер экенин билдирген.
azattyk.kg