- Ташболот агай, неге чек ара чыры басаңдабай эле, жылдан жылга күч алып, курчуп баратат? Аны чечүүнүн жолу барбы?

- Татаал маселе. Аны чечүүнүн ыкмалары көп. Принциби бирөө - компромисс. Бирок канчалык чечүү кечеңдесе, кесепети ошончолук оор болот. Чегараны өкмөт чечалбайт. Бул маселе президент менен парламенттин колунда.  Себеби, Өзбекстан менен Тажикстанды бир адам эле башкарат - президент.

- Бирок, чек ара маселесин президент эмес, өкмөт чечет деген пикирлер арбын го?

- Чек ара маселесинде акыркы чекитти президент менен парламент койот. Өкмөт тапшырма гана аткарат.

- Кыргыз-тажик президенттеринин телефондон сүйлөшүүсү чек ара маселесин чечкенге салым кошобу?

- Телефондон ден соолук сураса болот. Телефондон сүйлөштү деген - бул элдин көңүлүн жооткоткондук. Эки президент эки жолу жолугушуп кандай чечим кабыл алгандыгы жөнүндө коомчулука жарыя кылбаганын сындап чыкканмын убагында. Бул деген “давайте ребята мирно жить” деген чакырыктын деңгээлиндеги нерсе экенин турмуш көрсөтүп койду.

- Баткендин ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров чек арада чагым  чыгаргандар жазаланышы керек деген пикирин айтыптыр. Буга кандай комментарий бересиз?

- Чырдын себептерин жоготмойунча, чыр чыгаргандарды жазалоо менен маселе чечилбейт. Союздун убагында эки элдин ортосунда тааныш-билиш мамилелер бар эле. Майда чырларды жергиликтүү эл өзү бийликсиз эле чечип жүргөн. Азыр тескерисинче каршылашуу маанай түзүлүп калды. Майда чыр эки элдин кагылышуусуна алып келип жатат. Муну бийлик чечпесе эл өзү чече албайт.

- Эмнегедир чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн башында жүргөн Жеңиш Разаковго ишеним артпагандар көп. Көп учурда Жеңиш Разаков чегара  маселесин чече албайт дешет. Анда тажрыйба азбы же маселе чечүү мүмкүнчүлүгү жетишсизби?

- Жеңиш Разаков проблеманы жеринде түшүнөт, бирок аны чечалбайт деп ойлойм. Чечим техникалык жана саясий өңүттө болот. Разаковдо андай кесиптик да, саясий тажрыйба да, ыйгарым укук да жок.

- Жер алмашсак эле маселе чечилеби же анда да элди санаага салган жагдайлар жаралабы?

- Чегара маселесин чечүүнүн ыкмалары дүйнөлүк практикада көп. Алардын бири жер алмашуу.  Ар бир ыкма конкреттүү жер тилкеге байланыштуу болот. Мисалы, Баткендин Көк-Таш айылында жер алмашуу жолу менен маселе чечсе болот деп ойлойм.

- Бирок, айрым эксперттер бул маселени чечүү үчүн тажиктерди көз каранды кылыш керек дешет. Маселе чечилгенче чек араны жабыш керекпи?

- Мен жогоруда компромисстик жолду айттым. Экинчи жол - мамлекеттер ортосундагы чатакташуу, күч колдонуу жолу менен маселе чечүү. Мындан 10 жыл мурда ошондой мүмкүнчүлүк Кыргызстанда бар эле, азыр жок.

- Балким, мындай маселелерди чечиш үчүн  ишти жөндөй албаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн да  алмаштырыш керектир?

- Албетте аткаруу бийлигинин баардык тепкичтеринде иш билги, жөндөмдүү кадрлар отурмайынча борбордук өкмөт натыйжалуу иштей албайт. Бул аксиома.

- Айрымдар тажиктер менен тен ата сүйлөшкөн губернатор болсо да иш башкача чечилет эле дешет. Ынансак болобу?

- Убагында Баткенде тең ата сүйлөшкөн губернатор да отурган. Чечсе ошондо чечип койбойт беле. Кыскасы, бул пикирди  маселени терең түшүнбөгөн адамдар айтып келишет. Мен жогоруда кайсыл бийлик бул маселени чечиш керек экендигине токтолдум. Губернатор ылдый жактагы иштерди аткарышы керек.

- Жарым жылдан бери Өкмөттүн делимитация жана демаркация боюнча өкүлү дайындалбайт. Чек ара маселеси кайдан чечилет эле, жогору жактын айткандары элди сооротуу үчүн жасалган эле аракет эмеспи?

- Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүл дайындабаганы эле канчалык шалакы мамиленин далили эмеспи. Бийлик 30 жылдан бери Өзбекстан жана Тажикстан менен чегара боюнча элдин оозуна убак-убагы менен упчу салып сооротуп келатат.  Ириңдеген жерди эртерээк, кеспесе ал өзү сөзсүз жарылат. Аны дарылоо кымбатка туруп калат.

- Баса, “Ата Мекен” партиясындагы мандаттан баш тарткандардын катарында сиздин да атыңыз айтылып жүрөт го. Партиядан чыга элек белеңиз?

- Менин “Ата Мекенден” чыгып кеткениме төрт жыл болду. Жакында талапкерлердин тизмесинен чыктым. Партиядан чыкканымдын себебин кезегинде коомчулука кеңири маалымат бергенмин. Азыркы интрига менен ишим жок...

Чынайым Кутманалиева

 

Эсиң барда, этегиңди жап...

 

Президент Жээнбеков көзөмөлгө алса да МАИдеги бардактар токтобойбу?

 

Август айынын башында Ысык-Көлгө эс алууга келген Казакстандын Адалат Джафаров аттуу жаранын Балыкчыдан КРнын ИИМ алдындагы ЖКККББнын атайын ротасынын кызматкерлери (МАИ өкүлдөрү) взводдун командири, милициянын капитаны Талантбек Карымбаев, лейтенант Мирбек Мамбетбаев, прапорщик Нуркас Ырсалиев токтотуп, сырттан келген конокко “ичип алгансың го” деген шылтоо менен капчыгындагы 1220 сомун, ага кошуп 10 миң теңгесин шыпырып алышат (а негизи туристтик сезон маалында чет элден келген конокторду негизсиз тоспоо жөнүндө ИИМ жетекчилигинин атайын буйругу чыккан).

 

Адалат Джафаров милициянын отставкадагы офицери катары кыргызстандык кесиптештеринин мындай мамилесине ызалануу менен жөн калбай, береги МАИ кызматкерлеринин кызматтык автономерлерин жазып алып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасаган. Казак туугандын ызага толгон кайрылуусу кезегинде интернет-сайттарда “дүң” болуп, туристтик сезондогу МАИ кызматкерлеринин “итчилигин” президент дароо көзөмөлгө алганы кабарланган. Чаламандын чак түшүндө чет элден келген туристтерден пара алган МАИдеги взвод башчысы Талант Карымбаев баш болуп, Мирбек Мамбетбаев, Нуркас Ырсалиев өңдүү эргулдарын жетекчилик дароо кызматынан алып, ички иликтөөсүн баштаган. Мындайда жеген нанынан айрылган береги амалдуу МАИчилер жөн жатабы, жетекчиликтин өздөрүнө карата чыккан чечимине макул болбой, коңшу Казакстанга дейре барышып, Адалат Джафаровдон курларын мойнуна салуу менен чөгөлөп кечирим сураган образда ийилишип, тосмо арыз жаздырып алууга жетишкени каңкууланган.

Мындан соң кызматына кайтууну көздөшүп, баш калаадагы Октябрь райондук сотуна кайрылышса, Фемида өкүлдөрү булар арыздарын алгач ИИМ алдындагы дисциплинардык комиссияга жолдошу керектигин айтып алакан жайышат. Ишти созбогон жогорудагы үчөө ИИМдеги  Султан Жоошбаев башында турган дисциплинардык комиссияга арызданышса, аталган комиссиянын мүчөлөрү береги былыгы башынан ашкан үчөөнү калкалап, МАИ жетекчилигинин аларды кызматтан алган чечимин жокко чыгарып, “баарысын бирдей кызматына коюу менен “сөгүш берүү” жазасын гана колдонуукерек”- дегендей бүтүмгө келишкени эмнеси? Кызыктын баары ушул жерде бекен? Казак жараны 3 МАИчи кызылдай акчасын шыпырып алганын кан-какшап айтып жатса, ИИМдеги дисциплинардык комиссия аларды актагандай чечим чыгарып жатканын кандай түшүнөбүз? Же жогорудагы аттары аталган 3 берен комиссия мүчөлөрүнүн “тамагын майлоо” менен өздөрүнө ылайык чечим чыгартып алышканбы?

Комиссиянын мындай чечимине эрдемсинген Карымбаев башында турган Мамбетбаев, Ырсалиев биригип, кызматына кайра кайтуу максатында сотко кайрылышканы, ишти Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов карай турганы, алгачкы отурум 4-февралга белгиленгени каңкууланды. Иштин жүрүшүн судья Адамкулов канчалык деңгээлде адилеттүү карайт? Бул анын абийиринен көз каранды. Таң калычтуусу, акча алганы коомчулукка шардана болуп, бет пардалары сыйрылып жатса, ИИМ алдындагы комиссиянын мүчөлөрү кандай негизде МАИ кызматкерлерин актагаганга өтүп жатышат? Учурда ИИМдеги комиссия аркылуу “убактылуу жеңишке жетишкен” Талантбек Карымбаев, Мирбек Мамбетбаев, Нуркас Ырсалиев өңдүү алкымы бузук МАИчилер ушул күндөрү алдыдагы соттук процессти “жайгарышып”, алакандарын “ушалоо” менен кызматтарына кайтып келүүнү көздөшүүдө. Кайсы логика менен? Мындай таңгалычтуу көрүнүшкө республикалык МАИ жетекчиси Азамат Исраиловдун кандай жообу бар? Же бу жетекчи дагы береги алкымы бузук кол алдындагы кызматкерлери менен “бармак басты, көз кысты” саясаты аркылуу “ымдашып”, президент Жээнбековдун көзөмөлгө алган ишине саботаж жасап жатабы? Президенттик аппарат бул иштен кабардарбы? Сооронбай Шариповичтин көзөмөлгө алган иштерин ИИМдеги Кашкар Жунушалиев башында турган жетекчилер “тебелеп-тепсешсе” деле баары бирби? Биз окуяга сереп салып, ИИМ башчыларын баш, берки алкымы бузук МАИчилерди төш кылып бет пардаларын ачпасак болбой калды. Баарынан кызыгы, жогорудагы биз сөз кылган МАИнин “3 каарманына” жетекчилик тарабынан баштагы кызматынан ылдыйлатылган орундар сунушталса үчөөсү бирдей баш чайкап, “атасынан калган мурасча” баштагы гана кызматына барууну эңсеп жатышканы кандай? Мындайды “уялбагандан өзүң уял” дечү беле?

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №02 (437), 15.01.2020-ж.