Редакциядан: Атайын ушул “Шайлоо-2020” рубрикасын ачтык. Партиялар, саясатчылар ага кандай даярдык көрүп жатат? Ким кимдин колун кармады? Айтор, шайлоого тийешелүү эмне жаңылык укпайлы, ушул рубрика аркылуу кабардар кылып турмакчыбыз. Анда кеттик..

Текебаев “Ата Мекенди” туңгуюктан чыгара алабы?

2020-жыл, шайлоолор өтө турган өзгөчө жыл. Дагы беш жылга өлкөнүн тагдырын колго алып, багытын аныктай турган бийликтин бир бутагын – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлайбыз.

Кыргызстандагы партиялар, ар кандай коомдук, саясый күчтөр былтыртан баштап эле шайлоо камын көрүү тууралуу ойлонуп, толгонуп, камынганы камынып, камына элеги түшүндө  “шайлоо-шай-оо” деп уйкусу бузулуп келишти.

Эми минтип, 2020-жыл келип, шайлоо жылы башталып отурат. “Убакыт учкан куш” дегендей, убакыт кетти, азыр ойлонуп - толгонгонго убакыт жок, даярдыкты башташ керек болуп туру. Дарманың жетсе желегиңди желбирет - паравоз бол, же бирөөнүн поюузуна учкаш.

Каражат жетсе алдынкы вагондорго, акча тартыштык болсо арткы вагондорго илешесиң, же “кечтим байдын кызынан” деп сүрөөнчү бол. Добуш топто, сат, акча жаса... Айтор, бүгүнкү күндүн шайлоо кыжылдагынын картинасы ушу. Анан кандай болот? Арты тынч болобу? Ал белгисиз... Аны ойлогондор бирин экин, жокко эсе сыяктуу, азырынча...

Дарманы жетпесе да дымагы күчтүү болгондордун айласын кетирип аткан Шайлоо кодексиндеги 9% порогдун төмөндөөр, төмөндөбөсү али белгисиз. Демилгечи депутаттардын үнү анчейин чыкпай, Жогорку Кенеш порогду караар карабасы, карап үлгүрөөрү, үлгүрбөөсү белгисиз. Ушул жагдай да саясатчылардын чечим кабыл алуусуна катуу таасир этип, “кайсы кочкордун короосуна” кирүү керек экенин чече албай, же Текеге кеталбай эле кыйналып жатышкандай.

Негизи эле “эптеп мандатка ээ болуп, 5 жылга Ак үйдөн жылуу орун-очок алсам”- дегендердин көбү бийликчил партияларга көз артып, өз бет алдымча ат салышам деген партиялар бирин-экин.

Ошондуктан азыркы депутаттардын көбү бийлик ыбаа карайт дегенсиген 3-4 партиянын тизмесине, “не бар, не жок” деп катталып коюп, компойумуш болуп турушат. Жайга карай ал партиялардын сьездеринде иргелүү кандай жүрөөрү жүрөк өйүткөн табышмак бойдон.

Серепчилер быйылкы шайлоодо деле мурдакылардагыдай бийликтин ролу зор болоорун, бийлик колдогон партиялар эле мандаттын көпчүлүгүн бөлүп алаарын болжолдошууда. А бийликчил деген партияларга баягы эле олигархтар толуп алышып, бийликтен бата сурап жатышканы белгилүү болуп калды. Эми кандай болот? Бийлик өз ыңгайына карап бата берип салып, эл кайрадан бир короо койлуу болоор бекен? Же тизмени карап жүрогү ооруган президент партияларды тазалаганга чакырабы?

Ал эми, өз бет алдынча шайлоого аттанат деген партияларды санап келгенде деле “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт”, “Ата Мекен”, “Республика”, “Ак Шумкар” деп барып, ары карай кимди айтаарыңды билбей кыйнала түшөсүң... Маргинал партияларды айтпаганда.

“Өмүрбек Бабановдун саясаттан кетиши менен “Республика” почти бийликчил партия катарына кирди, Адахан Мадумаров кызмат болсо макулмун дептир” дегендерди уккандан кийин  ар жакта кими калды (?) дейсин да ...

Бийликти сындап баштаган Камчыбек Ташиев менен Темир Сариев “Ата Мекен” менен биргелешип чыгып эле оппозициялык тизме түзбөсө, бирден буттары түрмөдө турган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов, жакында эле дагы бир “инсульт” алган Болот Шер оппозициялык платформаны ээлеп, бийликке каршы чыгымыш болгон чачкын күчтөрдү бир тизмеге жыйнаар алаары күмөн болуп турат. Анүстүнө, Алманбет Шыкмаматовдун мандатын таштап, партиядан чыгып кетиши да катуу сокку болуп “Ата Мекен” партиясынын оң канатын кайырып кетти.

Бирок, ошондой оор кырдаалга карабастан, отуз жыл саясаттын отуна күйгөн тажырыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев 20-мартка карата “Ата Мекен” партиясынын  XIII- сьездин чакыруу тууралуу, партиянын 2020-жылдагы биринчи токтомуна кол коюп,  жылдын башы менен, биринчилерден болуп, шайлоо компаниясына старт берип таштады.

Капилеттен ошол иш-чаранын үстүнөн чыккандардын айтымына караганда, Өмүрбек Текебаев: “Сотубуз бүтпөй, өзүбүз катышпасак дагы, көп жылдык тажрыйбасы, тарыхы бар “Ата Мекен” катышпай калбашы керек, мандатты көксөгөндөрдүн баары бийликчил төрт партияга сыйбайт, оппозициялык маанайдагы партиялардын, саясатчылардын бийлик менен келишип, азайып жатканы, керек болсо, кайра бизге жакшы, бийликке нааразы күчтөрдүн баары акыры биздин партиянын тегерегине жыйналат, оппозициялык талааны “Ата Мекен” партиясы ээлейт”- деп партиялаштарына дем берип, Дүйшөн Чотоновду штаб башчылыгына дайындап, катуу шымаланып, партиянын сьездине даярданып атканына күбө болдук.

Кеп чынында, бийликти ынатпай, сындап келе жаткан коомчулук, жаштар бар. Алардын катары калыңдап бара жатканы менен алар чачкын, биримдиги жок, керек болсо бирин-бири жакшы таанышпайт. Акыры алар, аргасыз бири бирине ыктап, бир платформанын тегерегине жыйылышаары мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ошол ролду “Ата Мекен” ээлей алабы, жокпу? Ал суроо...

Азырынча, бул маселе козголсо эле: “Кыбыраган кыр ашат”, “Көз коркок, кол баатыр” дегенди, же “Айдаганың беш эчки, ...”, “Кашаң өрдөк мурда учат”, “Өлө албай атып, өлөң айтат”- дегенди угуп атабыз.

Кайсысы туура, кайсысы туура эмес? Кеп анда деле эмес! Кеп жүрөктө, эркте, кажыбас кайратта, дымакта болуп атпайбы! Акчасы сапырылып, өзүлөрү алаңдап кор болгон олигархтарда ошо жүрөк жок болуп атпайбы... Андыктан, ким билет???

 

Ташиев Италиядан келди, эмне жаңылык?

 

“Ата-Журт” партиясынын шайлоого бир жылга жетпеген убакыт калса да, элди кабыл ала турган же сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган кеңсеси жок экендиги белгилүү. Кечээ эле Италиянын Наполи шаарына жергиликтүү футбол клубдарынын биринде тарбияланып жаткан 14 жаштагы уулун кышкы каникулдан кийин жеткизип кайра келген Камчыбек Ташиев ушул кенемтени толуктоого киришкенин угуп калдык. Жакында партиянын штабы ачылып, иштей баштайт. Февралдын орто ченинде болсо партиянын курултайы өткөзүлөт. Бул ирет партиялык тизмеде жаңы, булганбаган, жаш лидерлер көп болорун К.Ташиев убада кылууда.

 

Камчыкенин эч нерседен кайра тартпаган, айтканын бербеген, эмне болбосун бетке айткан мүнөзү бар эмеспи. “Регион” телеканалына жылдын жыйынтыгы боюнча маек берип, бийликти “сен айтпасаң, мен айтпасам, анда ким айтат”- деген тейде сындап чыкканы көпчүлүккө жага бербей калды. Бирок, башкаларга окшоп кошоматтанбай, кырдаал боюнча чындыкты айтканы маанилүү. Себеби, президентке учурда баарын айдай көрсөтүп, мактап жаткан адамдар жетиштүү. Ошол эле учурда, көп маалымат, чындык жетпей калат. Бул жагынан, өлкө ичиндеги кырдаалды ачык жеткизүү менен К.Ташиев бийликке жакшы кызмат кылып берип жатпайбы. Бул ачык маегинен кийин “Камчыбек Ташиев оппозицияга ооду”- деген пикирлер да арбын болуп кетти. “Сиз баштап чыксаңыз, биз дагы кошулат элек”- деп далысынан таптап колдонгусу келгендер андан көп. Италияда жүрүп, “сюприз” да камдап аткандай болду эле. Чын эле, Ташиевдин мындан кийинки позициясы кандай болот? Же ал чын эле бош калган оппозиция талаасынан ээлеп алгысы келип жатабы? Же бул шайлоо алдында саясий упай топтоонун эле бир амалыбы? Айтор, Ташиевге суроо көп. Кайрылсак, “мейли, жакын арада маек берем, ошондо точно айтам”- деп коюп, эки күндөн бери телефон көтөрбөйт. А-уу, Камчыбек Кыдыршаевич, барсызбы?

 

“Бүтүн Кыргызстан” оюндан чыкты. Мадумаров элчи болуп кетеби?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2010-2015-жылдагы шайлоолордо бийликтин бут тосуулары себеп болдубу, же кадыр-баркы анчалык жетиштүү эмеспи, айтор, бир буту ЖКга өтүп, бирок кире албай калган жайы бар.

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакка байланыштуу, Душанбедеги биздин элчи Жаныш Рустенбеков катуу сынга кабылып жатат. Анысы да түшүнүктүү, Рустембеков саясаттагы карт бөрү, алчусун давно алып тынган. Бул кызматты ал эс алууга путевка катары гана кабыл алып алган болчу. Ошондуктан да, канча чыр чыкпасын, элчинин сөзүн уга албадык.

Акыркы маалыматтарга караганда, Ж.Рустенбеков кызматтан алынып, анын ордуна Адахан Мадумаровдун барары айтылууда. Саясаттан тажабаса да, партиясынын шайлоодон жеңип чыгаарына ишенбей калган А.Мадумаровдун акыркы учурда бийликке жакындап, кызмат соодалап жатканын уккан жайыбыз бар. Бир чети, элчи болуп барса, бул жакта жүргөндөн көрө Мадумаровдун ошол жактан кыргызга тийгизген пайдасы чоң болот эле...

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №02 (437), 15.01.2020-ж.