Тилекке каршы, буга жолтоолук кылып, Элдик курултай өткөрүп, андан ары өлкөбүздө революция кылууга кызыкдар күчтөр дагыле бар. Булардын башында экс-президент Роза Отунбаева турат. Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында өткөн Аялдардын биринчи Форумунда булар туурасында ачык эле айтылды.

 

Бадан АПАЗОВА, Кара-Суу районунун тургуну: - Биз Президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн абдан катуу колдойбуз! Бирок, бул айыгышкыс таймашта өлкө жетекчиси жалгыздык гана кылып жаткандыгына ичибиз абдан ачышып, Оштун айымдары ага ачык эле моминтип колдоо көрсөтүүнү туура таптык. Кимде ким бул болочоктуу жараянга жолтоолук кылса, эч капа болушпасын, жарандык коом мындай ээнбаштарга өзүбүз эле мыйзам чегинде катаал чараларды көргөнгө мажбурбуз!

Гүлсана ЭСЕНБАЕВА, Ош шаардык Кеңешинин депутаты: - “Жемкорлук менен күрөшүү эми эч токтобойт, тескерисинче, мындан ары ырааттуу түрдө улантылат. Бул айыгышкан күрөштө, албетте, Президент өзү жалгыз жеңишке жете албайт. Менде эң башкысы эрк бар - президент сыңары бул күрөштүн башында бекем туруп берем! Тилекке каршы, бул демилгемди кубаттабагандар дагыле бар!”- деп өлкө жетекчиси Сооронбай         Жээнбеков агынан жарылбадыбы. Демек, биз, ак элечекчен айымдар ушундай кыйчалыш маалда өлкө президентине күч-кубат берүүгө дайым даярбыз! Ансыз Кыргызстан жакын арада өнүгүшү дегеле кыйын. А түгүл мамлекет катары жоголуу коркунучунда турбыз!

Жыпар АМАТОВА, Алай районунун тургуну: - Жашырып не, соңку мезгилде өлкөбүздө саясий туруктуулук бекем орноду. Алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен мамилебиз уламдан улам жакшырып баратат. Өлкөбүзгө агылган инвесторлордун катары дагы калыңдады. Үй-бүлөлүк жана криминалдашкан башкаруудан акыры биротоло кутулдук. Бул саамалыктарды айрым тышкы жана ички арам ойлуу күчтөр таптакыр көрбөй жатышкандыгына чындап эле капабыз. Эмдиги жылы Жогорку Кеңешке шайлоолор жүрөт. Ушундай жооптуу өнөктүк алдында жана анын убагында Кыргызстандагы азыркы саясий туруктуулукту биротоло бүлүндүрүп, эптеп эле чыр-чатак чыгарууну көздөгөн күчтөр моминтип баш көтөрө башташты. Булардын тизгинин эмитен эле тартып, анан сөзсүз тыйбасак, мунун азабын кийин куп эле тартаарыбыз анык!

Кушбак ТЕЗЕКБАЕВ, коомдук жана мамлекеттик ишмер: - Туугандар,  2005-жылы 24-мартта Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк режимин кулатып, биз жөн эле алданыппыз. Өлкөбүздү Досбол Нур уулу өңдөнгөн алдамчылар гана башкарып калышты. Буга деле эптеп чыдадык. А Алмазбек Атамбаевдин дагы акмакчылыгына куп эле түттүк. Айрым арам ойлуу күчтөр эмдиги жылдын февраль айында Элдик курултай уюштуруп, андан ары тээ мартта Кыргызстанда “Революция кылабыз!”- деп кадимкидей эле опурулуп жатышат. Булардын башында бизди “мыркалар”, “койлор” деп утуру өлө шылдыңдаган экс-президент Роза Отунбаева өзү турат. Эми биз ушундайлардан өтө сак болушубуз кажет!

ххх

Ушинтип үстөккө-босток коңгуроо кагышкан Аялдардын биринчи Форумунун катышуучулары Кыргызстандагы бардык бийлик бутактарынын жетекчилерине атайын Кайрылуу жолдошуп, аларды ынтымакчылыкта ийиндеше иштешүүгө үндөштү. Буга улай келерки 2020-жылды Стабилдүүлүк жылы деп жарыялоону президент Сооронбай Жээнбековдон катуу өтүнүшүп, анан гана тарашты.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.