Ачык кеп

- Кеңешбек мырза, президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 2 жылдан ашты. Бул аралыкта мактоого татырлык  иштерди жасай алдыбы?

- Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыгына шайланган 2 жылдын ичинде жасаган чоң эмгеги катары мен коомдук саясий стабилдүүлүктү сактап, коррупция менен күрөшүүнүн деңгээлин жогору көтөргөнүн белгилейт элем. Президент бул убакытта Атамбаев башында турган каражаты мол, авантюристик бардык кыймыл аракетке даяр болгон, мамлекеттик төңкөрүшкө бараткан күчтөрдү токтотуп, аларга мыйзам чегинде чара көрүүгө жетишти. Коррупция менен күрөшүүдө көрүнүктүү жыйынтыктар бар. Бирок реалдуу карашыбыз керек, 30 жылдан бери чогулуп келген, коомдо терең орун алган нерсени 2 жылда жоюу мүмкүн эмес. Иштейм деп аракет кылган адамда кандайдыр бир кемчиликтер кетет, бул жашоо турмуштун мыйзамы. Негизгиси ушул багыттан тайбай, баштаган иштерди аягына чыгарып, элге конкреттүү жыйынтыгын көргөзөт деп  ишенем.

- Көптөр президентти командасы жоктой сүрөттөшөт, сындашат. Президент командасын ишин илгерилеткендерден түзө алдыбы?

- Президенттин командасы бар деп эсептейм, бирок баардык багыттарда ырааттуу иш алпарып жатат деп айта албайм. Ага коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирлер күбө. Убакыт өткөн сайын командасы жаңыланып, кесипкөй, аналитикалык терең көз караштары бар, чечкиндүү кадамдардан коркпогон, президенте жөлөк-таяк боло турган адамдар келет деп ойлойм. Анткени, кырдаалдардын өнүгүшү ошол кадамдарга алып бара жатат.

- Эгер президент ыраттуу иш алып барып жаткан болсо, коррупция менен күрөшкөнү чын болсо неге Матраимовдорго келгенде фактыны көрбөй, байкамаксан болуп, коомчулуктун сынына кабылып жатат?

- Күнөөсү болсо Р.Матраимов да жооп бере турган мезгил келет. Коомчулуктун шаштырып жатканын деле мен түшүнүп турам. Бирок текшерүү-тергөөлөрдүн жыйынтыктарын күтүшүбүз керек. Негизгиси, баардыгы мыйзам чегинде, далилдүү , эл, коом ишенгендей болушу керек.

- Президенттин эки сөзүнүн бири “кылыш керек” дейт. Качан “биз ушул иштин өтөөсүнө чыктык, ушуну жасадык. Каршылыктарга моюн сунган жокпуз”- деген абалга жетебиз?

- Азыркы мезгилде коркунучтуу нерсе - бул саясий популизм. Сооронбай Жээнбеков ушул нерсеге жол берген жок деп ойлойм.

- Президент жайынан жүрө берип,  6 жылды 6 айдай эле өткөрүп жибербейби?

- Баарыбыз пендебиз - иштерибиз тез, жакшы бүтсүн деп тилек кылабыз. Бирок мамлекеттик башкарууда, элдин мүдөөсүн аткарууда убакыттын тез өтүүсүнө эмес, иштердин сапаттуу бүтүшүнө басым жасасак туура болот деп эсептейм.

-Сиздин баамыңызда президент элдин талабын, нааразычылыгын эске алып жатабы?

- Элдин талабын, нааразычылыгын эске албаган үч президенттин иши  эмне менен аяктаганын президент Сооронбай Жээнбеков эч качан унутпайт. Өзү да айтып жатпайбы, “президенттик мөөнөтүм аяктагандан кийин таза абийирим менен эл аралап жашагым келет”- деп. Ал сөзүнөн кайтпайт деп ойлойм.

Чынайым Кутманалиева

Булак: "Майдан.kg" гезити №01(436) 09.01.2020-ж