Өзүн депутат кылган “Кыргызстан” партиясынын “кудугуна түкүрүп”, мурдагы “боссу” Шаршенбек Абдыкеримовду ар кимге жамандап жүргөнү кандай? “Бул партиянын шансы калбады, башка партияга өтүшүм керек” деп көрүнгөндүн эшигин сагалап жүргөнүн тана алабы?
Биз билгенден Алмазбек Эргешов депутат болгондон бери жарытып иштеген жок. Чала сабат, унчукпас эл өкүлдөрүнүн катарын толуктады. Бирок, депутаттык мандат жеке бизнесине чоң-чоң ийгиликтерди алып келди. Бишкектин чок ортосундагы көңүл ачуучу жайларын гүлдөттү.
Убагында Казакстанда бизнес жасап, ошол мамлекет үчүн күйүп-жанып жүргөнүн да тана албаса керек. Айрым учурларда чочугансып борбор калаанын четиндеги дыйкандардан кабар алымыш болуп пиар кылганы болбосо элге пайдасы тийбеди. Эми кайра капчыгын кагып, акчасын санап депутаттык мандатты самап олтурат. Ушундай адамдарды кайрадан адашып шайлап албашыбыз керек. Эгер Эргешовго окшогондор 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке келе турган болсо парламент кайра эле “чимкириктерге” толуп калат. Элибиздин шору катат.