"Ата Мекен" партиясынын катарынан чыгуу үчүн БШКга дагы төрт арыз жазылды. Арыз ээлери БШКга 2025-жылы тапшырылган партиянын тизмесинде турган, болгондо да парламентке барчу убагы жакындап калган - Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер. Алар партиянын катарынан чыгаруу суранган арыздарын Борбордук шайлоо комиссиясына жолдошкон.
Эске салсак буга чейин Алмамбет Шыкмаматов да партиядан кетүүнү жана мандатын тапшырууну жарыялаган. 6-чакырылыштын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыкталышына саналуу айлар калган чакта "Ата Мекен" фракциясынын лидери мындай чечимин партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпөөчүлүк жаралганына байланыштырган. Ал пикир келишпөөчүлүк абдан катуу болгонун "мындай болоорун жада калса эң коркунучтуу түшүмдө да көргөн эмесмин" дегени менен билдирген.
Белгилей кетсек Текебаев коррупция беренеси менен соттолуп мандатынан ажыратылгандан кийин Шыкмаматов лидер болгон. Болот Шер жана Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин эң ишенимдүү жолдоштору катары саясатчынын башына түшкөн оор мезгилде таанылышты. Текебаевди сатпай, аны ар дайым ишенимдүү коргоп келишкен. Коомчулукта "Ата Мекенди" КСДПга салыштырып, Текебаевдин жоро-жолдоштордон жолдуу экенин баса белгилешкендер көп болгон.
Бирок минтип Текебаев абактан чыккан кезде атамекенчилердин арасына жарака түштү...