Алмамбет Шыкмаматов БШКга депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Саясатчы өзү да бул маалыматты тастыктап, эмнеге мандатынан баш тартып, "Ата Мекен" партиясынан кетүү чечимин кабыл алганын мындайча түшүндүрдү: 

"Бул чечим мен үчүн өтө оор болду. "Ата Мекен" партиясы эң күчтүү, туруктуу жана ишенимдүү партиялардын бири. Мен ар бир фанатын билем, алар эң таза, ак ниеттүү адамдар. Бул партияда 15 жыл жүрдүм, "Ата Мекен" туусунун алдында саясатчы катары өсүп жетилдим. Анын лидери, досум Өмүрбек Текебаевге сый-урматым чоң", - деди Шыкмаматов. 

Андан ары ушунча урмат-сыйына карабай лидер менен пикир келишпөөчүлүк анын кетүүсүнө жол ачканын белгилеген: 

"Текебаев менен көз караштардын эки ача чыгышы, болгондо да эң коркунучтуу түштө да көрбөгөн пикир келишпөөчүлүк партиядан кетишимди жана мандатты тапшырышымды шарттады. Мен үчүн ар насым ар жайым карьерадан жана ыйгарым укуктардан өйдө турат", - деген. 

Ал саясатта калып башка конструктивдүү күчтөр менен биригээрин кошумчалаган.