Бүгүн, 25-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрүүдө.
Журналист Нургазы Анаркулов сөз эркиндиги боюнча суроо узатты.
"Жакында бир катар маалымат сайттарына чабуул болуп бир-эки күн иштебей токтоп калды. Бул сөз эркиндигин муунтуу эмеспи?" - деп сурады.
Президент жооп иретинде башка көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги жогору экенин белгиледи.
"Каалаганыңарды жазып атасыңар, каалаганыңарды айтып атасыңар, мен же президенттин аппарат тараптан басым болдубу? Муну жазба, аны жаз деген кысым болдубу? Жок! Мен деле президентке талапкер кезимде маалымат каражаттарынын бирин жарыялаган мен тууралуу "радикалдуу исламды колдойт" деген өңүттөгү чындыкка ылайык келбеген макала үчүн сотко бергем. Бирок кийин президенттикке келээрим менен арызды кайтарып алдым. Анткени ММКлар эркин болушу керек. Бирок урматтуу журналисттер, эркиндик дагы чоң жоопкерчилик. Аны ар ким эле сезе бербейт жана көтөрө бербейт. Баалаганды билишибиз керек, кандай заманда жашадык, кандай заманда жашап жатабыз деп ойлонуп мыйзамдуулукту сактоо кажет", - деди мамлекет башчы.