Фейсбуктагы баракчасына Мурат Соорбеков билдирүү калтырды: 

"Өмүрбек Бабанов дегенде, "Республика" партиясын, ал эми партияны айтсаң "Реформаларды" жана Өмүрбек Бабановду элестетишчү элибиз. Өмүрбек Бабанов саясий карьерасында, ал басып өткөн депутаттыктан тартып, премьер-министрлик тепкичте бир топ иштерди жасай алды. Ал ар дайым мезгилдин талабына ылайык, элибиз каалаган иштерди жасаган, мисалга алсак, коопсуз шаар долбоору, техосмотр, ишеним катты (доверенность) жокко чыгарды, мамлекеттик аппаратты кыскартып бюджетти үнөмдөдү, паспорт алуудагы мөөнөттү эки эсе азайтты, айыл чарбага 7% кредит берүүнү демилгеледи, депутаттардын бирден жардамчыларын, шоопурларынан, авто уналарынан жана KG номурларынан баш тарткызды. Ушул жана бир топ иштерди Өмүрбек Бабанов жана анын командасы ишке ашыра алды.

Өмүрбек Бабанов дайым элдин мүдөсүн сезип келген, "Жаңы муундун өкүлдөрүнө тууну бере турган убакыт келди"- деп. Республика партиясынын лидерлигин өткөрүп берген бүгүнкү кадамы да саясий маданияттын үлгүсү болду.

Ал эми жаңы шайланган лидер Мирлан Канатбекович Жээнчороевге ийгилик каалайм! Мен ал кишини өз ишин мыкты билген, жоопкерчиликтүү, команда менен иштей алган адам катары тааныйм".

Эске салсак бүгүн "Республика" партиясынын съездинде лидерликке Мирлан Жээнчороев шайланды. Лидерликти өткөрүү Бабановдун өз эрки менен болгону жана ал саясий ишмердүүлүгүн жыйынтыктаганы айтылды.