Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди. 

 

Айтымында иш сапардын алкагында транспорт, миграция, саламаттыкты сактоо жана чек ара аймагындагы соода боюнча келишимдерге кол коюу күтүлүүдө. Акыркы беш жылда эки өлкөнүн мамлекеттер аралык  кеңешинин жогорку жыйына биринчи жолу өтөөрүн белгиледи.