Анткени, азыр биз атын атай турган адамдар буга чейин жада калса бир үстөлдө олтуруп чай ичишкен эмес. Эми болсо, шайлоо эрежеси татаалдашкандан кийин, булар биригүүгө мажбур болуп турушат.

 

 

Анда маалыматтын өзөгүнө өтөлү... Жакындан бери “Ата-Журт” партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиев абдан активдүү ишке өтүптүр. Мисалы, кантип көндүргөнүн билбейбиз, бирок, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров компромисске келип, “Ата-Журтка” кошулууга алдын-ала макулдугун бериптир. 

 

Өмүрбек Бабанов жөнүндө Ташиев “Азия ньюс” гезитиндеги маегинде жашырбай эле, ачык түрдө – биригүү тууралуу сүйлөшүп жатышканын билдириптир. Бабанов өзү баралбаса эгер, активдүү санаалаштарын кошуп берери бышык.

 

Мындан тышкары, “Ата-Журттун” туусунун астында Темир Сариев да шайлоого аттанып чыгаары айтылууда. Мындай чыгааандар партия ичинде дагы көп го. 

 


Ошондо “Ата-Журттан” эки экс-премьер-министр (Бабанов менен Сариев), эки экс-спикер (Мадумаров менен Келдибеков) шайлоого аттанган болуп калабы? Баса, “Ата-Журтта” дагы бир патриот саясатчы Садыр Жапаров дагы бар эмеспи... Жыйынтыгында, булар бир күч болсо, шайлоону жөн эле жеңип алышат го, ия!

 

Булак: Телегра