Камчыбек Ташиевдин: “2010-жылы “Ата-Журт” партиясы биринчи орунду алып келген. 2015-жылы бириккен “Республика - Ата Журт” партиясы экинчи орунду камсыз кылган. Азыр 2020-жылкы шайлоого ошол эле “Ата-Журт” партиясынын тегерегинде эле барабыз. Бирок, азыркы күндө ачык эле айтыш керек, так эле “Ата-Журттун” жалгыз өзү барары да кыйын. Мүмкүн ошол эле “Республика – Ата Журт” партиясы менендир, бул маселени жакында чечебиз. Анүстүнө Өмүрбек Бабанов да келип калды. Жакындан сүйлөшүп, баарлашып атабыз. Бабанов “азырынча саясатка кайтпайм” деп катуу позициясын карманып турат. Турмуш ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн”,- деп айтканын учурда кызуу талкууга алышууда.

 

К.Ташиевдин шайлоого бара тургандыгы калың журтка дайын нерсе, мында сөз жок. Бирок, акыркы кездеги айрым окуялардан улам Ө.Бабановдун саясаттан кеткени, “Республика” партиясын болсо жакын санаалаштарынын бирине тапшырганы, а түгүл, бүт ресурсун кылмыш иштерин жабыш үчүн бийлик партиясына жумшай тургандыгы жөнүндө узун-кыска сөздөр абдан көп болуп жаткан. Ачыгын айтыш керек, эки жыл мурда президенттик жарышта жарым миллион адамдын добушун алууга жетишкен Ө.Бабановдун жеке керт башы үчүн саясатты таштап, четке чыга качуу амалын эл-журт “коркоктук” катары баалап жаткан. Арийне, Бабанов деле өз тагдыры кандай болорун чече албай, түйшөлүп турган чагы. Эгер ал азыркы таптагы “жылдыздуу саатын” өткөзүп жиберсе – карапайым колдоочулары, шайлоочулары анын бул кылыгын кечирбеши бышык. Ошондо Бабанов эмне кылышы керек? К.Ташиевдин билдирүүсү чак түштөгү чагылгандай эле болду. Бабановдо деле “дух” пайда болгон окшойт, мындай сөздөр жөн жерден чыкпаса керек го...

 

Ташиев-Бабанов тандеми 2015-жылы чындап келгенде, парламенттик жарышта жеңген, КСДПчылар гана кийин компьютерди оңдошуп, өздөрүн биринчи орунга чыгарып алганы анык да. Дал ошондуктан, эки достун кайрадан биригүү тууралуу сүйлөшүп жатканы көпчүлүгүн чочутаары анык. Азыркы тапта – 9 пайыздык чектен өз алдынча өтө ала турган күч деле көрүнбөйт. Ал эми Ташиев-Бабанов тандеми кайра жаралса, анда мындан кыргыз демократиясы дагы утмак. Шайлоодо чыныгы атаандаштыкты ушулар түзүп бермек. Байкасаңыз, Ташиев башынан 9 пайыздык тосмону колдоп келе жатат. Өз күчүнө ишенген саясатчылар гана мындайга батынып бара алат. Ал эми 3-5 пайызды айтып чурулдап жүргөн саясатчылардан майнап деле жок, булардын көбү акыры ушу Ташиев-Бабанов тандемине кардар болуп киришээринен шек жок.

 

Айтор, шайлоонун шааниси башталды... 2020-жылкы жарыш кыргызга дагы кандай тандемдерди берет экен? Кызыктар али алдыда, күтө туралы.