Башкаруунун түрү, шайлоо системасы, бийликтин андагы отчеттуулугуна байланыштуу элдик демилге катары мыйзам долбоорун даярдалган. Ага  элден кол топтолгон жана  ал маселелер боюнча референдум дайындоо мыйзамын Жогорку Кеңешке киргизген. Буга байланыштуу  демилгечи топ  24-ноябрда Бишкекте, эски аянтта В.И. Лениндин эстелигинин алдында элдик угууну өткөрүүнү жарыялаган эле. Бирок  курултайдын чечимдерин  расмий бийликке жеткирүү боюнча  өкүл Турсунбек  Акун  элдик демилге менен киргизген мыйзам долбоору  Жогорку

Кеңештин тийиштүү комитеттеринде расмий карала баштаганын кабарлады. Мындан улам ачык асман алдында элдик угуунун зарылдыгы жоюлду. Демилгечи топ Конституциядагы жана мыйзамдагы укук, милдеттеринин чегинде Жогорку Кеңеш менен Конструктивдүү иш аракеттерин улантаарын расмий билдирет. 

"Биздин демилгени колдогон бардык мекендештерибизге ыраазычылык айтабыз жана аталган мыйзам долбоорун кабыл алдыруу боюнча мыйзамда каралган бардык аракеттерди уланта берерибизди билдиребиз. Биз дагы бир жолу бекем белгилейбиз жана шайлоо босогосу боюнча талашып жаткан саясий уюмдарга айтабыз, кеп 3 же 9 пайызда эмес, маселе шайлоо системасын түп тамырынан өзгөртүүдө...
 

Ал качан өзгөрүлөт? Кандай өзгөрүлөт? 2020-жылыбы же андан кийинби, кандай шайлоо системасы эл үчүн пайдалуу? Ушуну эл чечсин деп жатабыз. Кеч болсо да, Жогорку Кеңеш элдик демилге менен киргизилген мыйзам долбооруна көңүл бурганына рахмат дейбиз",- деди  демилге топтун төрагасы 

Айбек Бузурманкулов.