Кой-Таш айылында 7-8-августта болгон окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия дагы деле корутунду чыгара элек. Комиссия ишин 1-ноябрда аяктаган. Бирок парламентке анын корутундусу арадан 15 күн өтсө да келип түшө элек. 

Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири Алмазбек Баатырбековдун айтымында комиссия дагы да иштеп жатат. Келерки жумада депутаттарга жеткирилет. 

“Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын  Атамбаевди кармоо операциясын толук кандуу жүргүзө албаган УКМК менен ИИМдин башчыларынын жоопкерчилигин кароо боюнча сунушу эске алынганын же алынбаганын билбейм”, - дейт Баатырбеков.