Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов “президенттин жанындагы

жүрөгү таза адамдардан” кайрылуусун өлкө башчысына жеткирип коюуларын өтүндү.  
 
“1. Стамбулдагы Башкы консулду Сооронбай Жээнбеков өзү коргоого албаса, анда чыныгы "Желмогуздар" кутулуп кетет.
2. ТИМ тараткан маалыматка таянсам, күнөөнүн баарын төмөнкү баскычтагы чиновниктерге жүктөп, "Чоң Желмогуздар" кутулуп кете тургандай сезилип жатат.
3. "Чоң Желмогуздардын" кийлигишүүсүсүз, калкалоосусуз мындай иштер болушу мүмкүн эмес.
4. Бир нече жыл өтпөй Сооронбай Жээнбеков "айланамдагыларга ишенип жаңылыпмын" деп аттиң кылышы толук мүмкүн.
5. Бул кайрылуум көз жаздымда калбайт деп ишенем, албетте мен божомолдогон "Чоң

Желмогуздардын" башында Сооронбай Жээнбеков өзү турбаса...” – деп Кылычбек Султанов Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Султанов Стамбулда өлтүрүлгөн кытай ишкери Кыргызстандын дипломатиялык номериндеги автоунааны айдап жүргөнү боюнча айтты.