Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

 

Айтымында жол куруу жаатындагы коррупциялык схемалар иликтенип жатканын билдирди. “Азыр Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушун карап жатабыз. Чындыгында тендерди чет өлкөлүктөр утуп, бирок атамекендик жол куруучулар иштеп жатышканын жагдайлар бар.

 

Мамлекет башчы бул фактыны иликтөөнү тапшырган. Сиз дагы так ушул коррупциялык көрүнүштөрдү айтып жатасыз. Бардык жол иштери, түндүк-түштүк альтернативалык жолу дагы – бир схема менен иштешет”, - деген өкмөт башчы эгер тендердер италиялык компания утса, италиялыктар ал жерди карап да койбойт, алардын ордуна баягы эле кыргызстандыктар иштеп берээрин мисал келтирди. 

 

Айтымында ал Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушкан. Ал кыргызстандык компаниялар ири долбоорлорго даяр эместигин айткан. “Мен ага биздин компаниялар даяр жана колдоо күтүп жатышат дедим. Андан тышкары жол долбоорлорунда 30-40 пайыщ каражат “шапкеге” кетет. Ошондуктан биз жакында эле курулган жолдор бузула баштаса аны оңдоо иштери курган компаниянын эсебинен болсун деп талап кыла баштадык”, - деди Абылгазиев.
 
 

Булак: “Майдан. Kg”  гезити