Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти.

 

Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. 

 

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

 

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.