Маалымат каражаттарына өкмөт тарабынан чек ара тууралуу берилип жаткан маалыматтар чындыкка жакындашпайт, алар Тажикстандын өкмөтүнүн маалыматынан айырмаланып турат. Бул тууралуу саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.

 

 Эске салсак   соцтармактарга саясатчы башында турган мамлекеттик комиссиянын Кыргызстандын чек ара аймагындагы 275 чарчы жерин Тажикстанга 49 жылга ижарага берген протокол жарыяланган. Документке Адахан Мадумаровдун колу коюлган.

 

“Мен он жыл мурун Кыргызстандын делегациясы тажик тарап менен макулдашууга жетишкенине сыймыктанам. Бул дипломатиялык миссия болчу, анын жыйынтыгында жарандарыбыз Тажикстанга көз каранды болбой эки жакка каттап калышты. Ал убакта тажик чек арачылары Көк-Таш айылына өткөрүү пунктун орнотуп коюшкан, жергиликтүү тургундар Баткенден Ошко баруу үчүн чек ара  текшерүүсүнөн өтүшү керек эле. Проткол бул маселени толугу менен чечти. Мындан кийин айланма жол жана көпүрө салынды”, - деди Мадумаров.

 

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал орун алып, кыргыз тараптан бир аскер кызматкери курман болуп, 14 адам ар кандай жарааттар менен ооруканага түшкөн. Тажик тараптан үч адам каза болгону айтылууда.