Өмүрбек Текебаев Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун иши кайра кароону башпрокурор Өткүрбек Жамшитов өзү демилгелеш керек дейт. Бул тууралуу ал Акман айылындагы эл менен жолугушуп жатып билдирди.
"Мелис Мырзакматов саясий туткун. Ага ачылган кылмыш иши жасалма. Бул кылмыш иш боюнча 20 адамды айыпташкан. Алардын Мелис Мырзакматовдон башкасынын баарын акташты. Арасында азыркы башпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун капиталдык курулуш жаатын жетектеп иштеген атасы бар. Ал да акталды. Эми башпрокурор кечирим сурап, Мырзакматовдун ишин кайра карашы керек", - деди ал.
Айтымында, жакында Мырзакматов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Телефон чалып саясатчынын үй камагына чыгышы менен куттуктаган.
"Ал чет өлкөдө жүрөт, бул түрмөдө отургандан да жаман", - деди Текебаев.