Өмүрбек Текебаев Атамбаев менен Жээнбековдун бийлик талашуусу мурдагы бийликтин жүзүн ачканын белгиледи. Айтымында, болуп жаткан окуялар келечек жана келечектеги президент үчүн да сабак болот. 

 

"Коңшу өлкөлөгө да үлгү болуп бердик. Бийлик башында турган адам жасаган иштери үчүн бийликтен түшкөндөн кийин жооп берээрин унутпашы керек. Мен үч жыл мурда Атамбаевдин камалаарын айткам, бирок камалуу кандай өңүттө болоорун так анализдей алган эмесмин. Сооронбай Жээнбековдун мындай чоң саясий окуяны жаратышы анын ишмердүүлугүнүн эң чоң жыйынтыгы", - деди Текебаев. 

 

Ошондой эле ал бүгүнкү окуялар кимдир бирөөгө жакса-жакпаса да, кимдир бирөөнүн каалоосуна каршы келип жатса да, бул тарых экенин, а ал тарыхты Сооронбай Жээнбеков жаратканын белгиледи.