Кадыр буга дейре бийлик тарабынан анын атасына карата жасалган иштердин баары тең карасанатайлык экенин, коюлуп жаткан дооматтардын баары негизсиз экенин айткан. Ошондой эле Атамбаев убагында уулдарынын саясатка аралашуусуна катуу тыюу салып келгенин, бирок акыркы учурдагы бийлик тарабынан жасалып жаткан мыйзамсыз аракеттерден улам саясатка аралашууга аргасыз болгонун маалымдаган.

 

 

Булак: «Фабула»