КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, Ниязовдун бөгөт чарасы эртең 10-августта каралат. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги да тастыктады.

Белгилей кетсек, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин имаратында сурак беришкен.

"Марал"