Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Визиттин жүрүшүндө Дмитрий Медведевди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.