“Болоору болду, бойоосу канды” дегендей Атамбаев айтканын кылды. Жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан, элдин тынчтыгынан, адамдардын өмүрүнөн жогору койоорун иш жүзүндө далилдеди. Атамбаев жана анын жанындагы аз сандагы фанаттары чектен чыкты, адам өлтүрүштү, кооптуу кылмышкерге айланышты. Эми жоопко тарткандан башка жол жок.

 

Укук коргоо органдары да өткөн күндөгү шалакылыгын оңдоп, Атамбаев менен анын жанындагы, ашынган тарапташтарын кармап, камакка алып, өлкөдөгү саясый туруктуулукту камсыз кылуулары керек.

 

Атамбаев эми кылмышкер, киши өлтүргүч болуп калды, эми аны эл колдобойт. Элге тынчтык керек!”- дейт Сабыр Муканбетов.