"Экс-президент А.Атамбаев тергөөгө үч жолу чакырылган. ИИМдин жетекчилери үйүнө барганда да киргизбей койгон. Кечээ мыйзамдуу талаптардын негизинде Атамбаевди күбө катары тергөөгө алып келүү аракети жасалды. Бирок, Атамбаев Конституция жана мыйзам талаптарына баш ийбей, тоскоолдук кылды. Куралдуу каршылык көрсөттү. Бир канча адам жаракат алды, бирөө октон каза болду. Бул баланын өмүрү бийликтен да, кызматтан да кымбат турат. Маркумдун туугандарына. жакындарына көңүл айтам”,- деди ажо.

 

С.Жээнбеков экс-президенттин тарапкерлери куралдуу каршылык көрсөткөнүнө карабастан, аларга карата мыйзамдуу чара көрүү жагынан бийлик баш тарткан: “Мындан бийликтин кадыр-баркы төмөндөсө да, биз мекендештердин каны төгүлбөсүн деп, күч колдонуудан баш тарттык. Атамбаев кечээкиге чейин күбө катары чакырылып келсе, эми шектүү катары жоопкерчиликке тартылат. Мыйзамсыздыкка барууда. Ага карата ыкчам чаралар көрүлөт. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кой-Таштагы кырдаал боюнча чечим кабыы алынды. Опумбаев кызматтан кетүү тууралуу айтты. Азыр кызматтан кетип калуу оңой, башкысы коопсуздукту камсыз кылуу абдан маанилүү. Абал стабилдешкенден кийин алардын жоопкерчилигин карайбыз. Башаламандыкка жол берилбейт. Туруктуулукту камсыз кылууга мамлекеттин күчү жетиштүү. Кыргызстан укуктук мамлекет. Мыйзам талаптарын кынтыксыз аткарылышын камсыздоо мамлекеттин милдети. Чагымчылдарга чогуу бөгөт коёлу. Мына азыркы маселени жеке тирешүү катары көрсөтүүдө. Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул коррупцияга каршы күрөштүн туу чокусу. Ошондуктан ал өзүнүн кызыкчылыгын мыйзамдан, мамлекеттен жогору коюп жатат. Канча аттуу-баштуу адамдар кармалды. Баары мыйзамга баш ийип жатат. Бир гана Атамбаев баш тартып, келгиси келбей жатат. Элдин тынчтыгын сактайбыз. Саясий күчтөрдү биримдикке чакырам”.