Бул окуя боюнча саясий серепчи Эдил Осмонбетов пикирин билдирди.

 

"Эч кимдин туткунга алуу укугу жок. Ал нерсе укук талаасынан чыгууда. Учурда Кыргызстандын саясий туруктуулугунун келечеги тууралуу маселе турат", - дейт ал.

 

Ал белгилегендей, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери курал ок колдонгон эмес.

 

"Алар курал огун колдонгон жок да, болгону буйрукту аткарышты. Аларды кармоо - мыйзам бузуу. Мамлекет Кыргызстандагы саясий туруктуулукту жана демократияны сакташы керек. Ага биз гана эмес, коңшу мамлекеттер да кызыкдар", - дейт ал.

 

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери жүргүзгөн.

 

УКМК белгилегендей, операция маалында желим октор колдонулган.

 

"КАБАР"