Мындай пикирин депутат Мирлан Бакиров 8-августта «Азаттыктын» эфиринде сүйлөп жатып билдирди:

 

- Бүгүнкү кырдаалга кириптер кылган түздөн-түз мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Өзү буга чейин бир нече жолу кайталап, «Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, бирдей жоопкерчилик тартабыз» деп баса белгилеп айтып келген. Бир эмес үч жолу берилген чакырууга реакция кылган жок. Жыйынтыгында мына бүгүнкү кырдаалга алып келди.

 

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында ИИМге суракка үч жолу чакырылган. Ага чейин парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан токтом кабыл алган. Атамбаев өзү Жогорку Кеңештин бул чечимин тааныбай турганын, тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере аларын айтып келет.

 

7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү операциясы ишке ашпай калды, бир жоокер каза болуп, күч органдарынан жана жай тургундардан элүүдөй адам жараат алды. 

 

"Азаттык"